Курс НБ на 24.05.2019 $69,8492 €77,8085

ЕАЭБдин мыйзамдары ишкерлерге натыйжасын арттырат

Экономика
13 - Май 2019
www.erkintoo.kg
28
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарынын өз ара шайкеш келтирилиши  ишкерлерге  зарыл. Бул багытта  Жогорку Кеӊеште Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, ал экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Өлкөнүн Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин өкүлү Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргендиктен, мыйзамдардын өз ара шайкеш келтирилиши зарылдыгын белгиледи. «Каралып жаткан мыйзам долбоору дагы ошондой ченемдик укук актыларынын катарына кирет. Учурда монополиялык үстөмдүк кылган компаниялар жок, андыктан кимдир бирөөлөргө калкаланып алган компанияларды текшере албайбыз, Мыйзам кабыл алынып калса, анда көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеӊешбай Тайлаков.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу