Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​ЕАЭБ алкагында бирдей пенсиялык система иштей баштайт

Экономика
17 - Август 2020
www.erkintoo.kg
111
Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов “Sputnik Кыргызстан” радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында бул жумуштарды бир калыпка түшүрүүгө төрт жылдан ашык убакыт коротулган.  2019-жылдын 20-декабрында ЕАЭБге кирген  беш мамлекеттин президенттери негизги келишимге кол коюп, ар бир мамлекеттин парламентине ратификациядан өтүү үчүн жиберилген.  Учурда үч өлкөдө келишим ратификацияланып, эки мамлекетте бул процесс жүрүп жатат. Бул келишим ишке кирсе, ЕАЭБдин аймагында иштеп жүргөн мигранттар  иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзсө, жергиликтүү тургундардай эле пенсия алат дегенди түшүндүрөт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу