Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

Долллар 72 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Экономика
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
502
Республиканын 2017-жылга карата бюджети доллардын 72,7 сомдук наркы менен түзүлгөн.  Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында билдирген.
Кийинки жылдын бюджети тууралуу маалымат берген адис. "Адатта бизде чет элдик валюта менен төлөнүүчү төлөмдөр ошол эле валюта менен толукталат. Кийинки жылы доллардын баасы 72,7 сом деп божомолдонду",-деди. Ал эми министрликтин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Кыргызстанда валюта курсу эркин экенин айтып, аны бекитүүгө мамлекеттик органдардын укугу жок экенин эскертти,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.