
Курс НБ на 16.01.2021 $84,4817 €102,4848

Дүйнөнүн байлары бир күндө 114 млрд доллардан айрылды
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн эң бай 500 адамы фондулук индекстердин түшүп кеткендигинен улам бир күндө жалпысынан $114 млрддан кол жууду. Агенттик Berkshire Hathaway инвестициялык компаниясынын кожоюну Уоррен Баффет баарысынан көп — $5,1 млрд жоготту деп билдирди. Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы— $3,6 млрдга, Amazonдун кожоюну Джефф Безостуку — $3,3 млрдга азайса, Googleнин орток кожоюндары Ларри Пейдж менен Сергей Брин бир түндө ар бири 2,3 миллиард доллардан, ал эми Microsoftтун түзүүчүсү Билл Гейтс $2,25 млрддан кол жуушту.
Атай Алтымышев
Атай Алтымышев
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек