Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда

Экономика
21 - Май 2018
www.erkintoo.kg
200
Кыргызстан бул каражатта жарандарды арзан интернет, сапаттуу электрондук тейлөө менен камсыздоо үчүн  алып жатыптыр. Анын 25 миллиону насыя, 25 миллиону гранттык каражат. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков маалымдады. Бүгүн, 21-майда буга байланышкан Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" -Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде каралганы турат. Маалыматка караганда  алынган кредиттик каражатты кайтаруу 2024-жылдан тартып башталат. Ага чейин комиссиялык төлөмдөр төлөнүп турмакчы. Долбоордун максаты -  республикада санариптик тейлөө көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин потенциалын кеңейтүү да болуп саналат.
Жазгүл Кенжетаева


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.