Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Дүйнөлүк банк сүт өндүрүшүнө жардам берет

Экономика
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
485
 Бул тууралуу КР Жогорку Кеңештин сайтында айтылды.
Дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусунун сүт өндүрүү тармагын жакшыртуу максатында 525 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу КРдин Жогорку Кеңештин сайтында айтылды. Каражат негизинен  төрт багытка жумшалат.  "Келишимге ылайык каражат жеринде изилдөөлөрдү жүргүзүү, тиешелүү документтерди даярдоо багыттарына жумшалат. Ошону менен бирге мекемелердин мүмкүнчүлүгүн арттыруу, гранттык аудиттерди жүргүзүү иш-чаралары болот", — деп айтылат маалымматта.  Маалыматка ылайык, гранттын эсебинен атайын долбоор иштелип чыккан соӊ, пилоттук долбоорду ишке ашырууга 25 миллион доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлүнөт.  Каражат 2017-жылдан тарта түшө башташы күтүлүүдө,-делет маалыматта. 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.