Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Дүйнөлүк банк миӊ доллар грант бөлөт

Экономика
28 - Июнь 2017
www.erkintoo.kg
460

Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун калыбына келтирүүгө 400 миӊ доллар грант бөлөт. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыз кылуу тутумунун абалын жакшыртуу багытында гранттык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. «Келишимге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Аудитордук жумуштарды жүргүзүү үчүн да каражат каралууда», - дейт ал.

Гранттык каражат толугу менен «Бишкек жылуулук тутуму» ишканасына берилет.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.