Курс НБ на 05.08.2020 $76,9120 €90,7023

​Дары-дармектердин баасы негизсиз жогорулабашы керек

Экономика
02 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
81
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы айтып чыкты. Учурда текшерүүлөр жүрүп жатат. “Республика боюнча дарыканаларда баанын жогорулап кетпеши үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин ал аракеттер алдын алуу максатында уюштурулуп келген. Мыйзамсыз фактылар аныкталып, дарыкана ээлери катуу жазаланарын эске салабыз,” — деп жазылган маалыматта. Дары-дармектин кымбаттап кеткен фактыларына күбө болгондор Финансы полициясынын 1955 ишеним телефон номерине жана receivefinpol.gov.kg@gmail.com электрондук дарегине арыз менен кайрыла алышат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу