Курс НБ на 18.10.2018 $69,3190 €79,8451

Чет жакта жүргөн кыргыз мигранттар өлкөгө 2 млрд доллардан ашык акча которушкан

Экономика
21 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
216
Чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары ушул жылдын он айында Кыргызстанга 2 миллиард 88 миллион 730 миң доллар которгон. Улуттук банктан билдиришкендей, которулган каражаттын көлөмү өткөн жылга караганда 468 миллион 730 миң сомго өстү. Былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 615 миллион 110 миң доллардан бир аз ашкан.  Россиядан — 2 миллиард 44 миллион 430 миң доллар которулса, калган сумма Казакстан жана алыскы чет өлкөлөрдөн кирген.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.