Курс НБ на 19.02.2020 $69,8489 €75,4648

Чехиялык компания ГЭС курууга кызыкдар

Экономика
03 - Июль 2017
www.erkintoo.kg
484
Чехиянын “Liglass trading CZ SRO” компаниясы Жогорку Нарын Каскадына эки ГЭС курууга кызыкдар. Бул тууралуу 14 чакан ГЭСтин курулушу боюнча тендердик комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. Аталган компания Кыргызстанда эки чакан ГЭС курууга 230 млн. долларга чейин инвестиция жумшоого даяр.
 Акбулуң ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСи каскадында жайгашкан Нарын ГЭСинин курулушунун биринчи этабында 230 млн. долларлык келишим түзүүгө жана аны 30 банктык күндүн ичинде каржылоого даяр. Ошондой эле компания “Сандык-1”, “Сандык-2” жана “Сандык-3” чакан ГЭСин курууга кызыкдар.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.