Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Үч айда медицина кызматкерлерине 259 млн 100 миң сом компенсация төлөндү

Экономика
03 - Июль 2020
Эркин Тоо
86

Анын айтымында, коронавируска каршы күрөштө медкызматкерди шыктындаруу максатында 377 млн 500 миң сом компенсация катары бөлүнгөн. Анын ичинен март айына эпидемиологиялык очоктордо иш алып барган 60 миң 438 медкызматкерге 307 млн 700 миң сом төлөндү. Апрель айында 9 миң 61 медкызматкер 111 млн сомдон ашык каражат алган. Май айында 8 миң 891 кызматкер 109 млн 800 миң сом алышты.

Медиктерге төлөгөн каражат Саламаттыкты сактоо министрлигинин депозиттик эсебинен берилген.

-Саламаттык сактоо мекемелериндеги медициналык кызматкерлердин акысыз өргүүгө чыкканы сыр бойдон калуусун талап кылып жатышат деген арыздар түшүп жатат. Буга жол бербеш керек. Бул учурлар тууралуу тийиштүү текшерүүлөр жүрөт. Эгерде медкызматкерлерге каралган кошумча акылар төлөнбөгөнү аныкталса, ал мекеменин жетекчисинин иши каралат, — деди Исмаилова.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу