Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Бюджет майда 4,9 млрд сом тартыштык менен аткарылган

Экономика
28 - Июнь 2017
www.erkintoo.kg
417
Республикалык бюджет май айында 49 млрд 105 млн 10,8 миң сом суммасындагы жыйынтыкталган кирешенин жана 54 млрд 66 млн 626,7 миң сом суммасындагы жыйынтыкталган чыгашанын негизинде 4 млрд 961,6 млн сом суммасындагы бюджеттин тартыштыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Каржы министринин басма сөз кызматы билдирди.
Тартыштыкты жабуу булактары 10 млрд 991,7 млн сомду түзөт. Алардын ичинен ички каражаттар 4 млрд 280,1 млн сом жана тышкы каражаттар 6 млрд 711,6 млн сом.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.