Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €76,9922

Болгария «Росатомго» «Белене» АЭСи үчүн карызын төлөп берди

Экономика
12 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
474
«Белене» АЭСинин долбоору боюнча Женевадагы эл аралык соода палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин аткаруу алкагында Болгариянын улуттук энергетикалык компаниясы «Атомкурулушэкспорт» АКнын карызын толук бойдон  төгүп берди. Бул тууралуу мамкорпорациянын коммуникация департаменти билдирди.
«Росатом» менен «Белене» АЭСин куруу жөнүндөгү макулдашуусуна 2006-жылы кол коюлган. Бирок, курулуштун башкы контрактысы түзүлбөгөндүктөн курулуш иштери башталбаган. 2012-жылдын мартында Болгария АЭСти куруудан баш тартууну чечкен. А буга чейин россиялык ишканалар «Белене» үчүн жабдуулардын биринчи топтомүн даярдаган, болгар АЭСи үчүн реактор чогултулган болчу. Ошондуктан, «Росатом» курулуштун тапшырыкчысы – Болгариянын УЭКин сотко берип, 1 млрд евро өндүрүү боюнча доо койгон.
Үстүбүздөгү жылдын июнунда Женевадагы эл аралык соода палатасынын алдындагы Арбитраждык сот УЭК менен талаш-тартышта «Атомкурулушэкспорттун» пайдасына чечим чыгарып, 620 млн евро өлчөмүндө келтирилген зыянды кайтарып берүүгө токтом кабыл алган. Кийин бул сумма 601,2 млн еврого чейин кемитилген. Мындан сырткары, бардык зыяндын орду толук төгүлүп бүтмөйүнчө күн сайын 130 миң евродон айыппул эсептеле берээри каралган.
Сентябрда Болгариянын өкмөтү «Белене» үчүн милдеттенмени төлөп берүүгө УЭКке каржы жардамын көрсөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырган. Ага улай «Атомкурулушэкспорт» Болгария 16-26-декабрь аралыгында толук төлөө жүргүзсө,  анда эсептелинген пайыздардын 55% суммасын төлөтүп алуудан баш тартаарын билдирген.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.