Курс НБ на 30.03.2020 $80,8100 €89,6142

​Бишкекке 45 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Экономика
02 - Март 2020
www.erkintoo.kg
60
Мындай жагымдуу маалыматты  "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын Шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Замира Кангелдиева  ЖМКлардын бирине маек берип жатып билдирди. Анын айтымында мындан тышкары борбор калааны деталдуу пландоо долбооруна ылайык жөө адамдар үчүн 40 өтмөк курулмакчы.  Унаа токтотуучу жай боюнча долбоорго шаардын Жибек Жолу, И. Ахунбаев, Курманжан датка, Шабдан баатыр, Ю. Фучик жана Д. Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилке кирет. Шаар мэриясы борбор калааны деталдуу пландаштыруу долбоорун 2019-жылдын аягында иштеп чыккан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу