
Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражат 2 миллиард сомго жакындады
Коррупциядан тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 1 млрд 909,7 млн сом түштү. Бул 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 20-ноябрына чейин чогулган каражат экендигин Финансы министрлиги билдирди. Тактап айтканда эсепке Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 941 млн 517 миң сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет - 332 млн 792 миң сом, Башкы прокуратура - 628 млн 307 миң сом, Ички иштер министрлиги– 7 млн 85 миң сом которгон. Эске салсак, бул каражаттын эсебинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар курулмакчы.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек