Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

“Бир - айыл, бир - продукт” долбоорунун келечеги кең

Экономика
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
647
Жакында “Бир - айыл, бир - продукт” (БАБП) долбоору боюнча Биргелешкен координациялык комитеттин отуруму өтүп, анда Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү турмушка ашырылып жаткан бул долбоордун натыйжалары көрсөтүлдү жана долбоорду андан ары улантуу боюнча кадамдар талкууланды.
Өндүрүштүн белгилүү бир көлөмүн камсыз кылуу үчүн коллективдүү цехтерди түзүү долбоорду турмушка ашыруунун жыйынтыгы болду. Бүгүнкү күндө продукциялардын саны 80 түргө чейин жетти. Ички сатып-өткөрүү орундары 4төн 32ге чейин көбөйдү. Ички контракттардын саны 22ге, сырттагылар менен түзүлгөндөрү 16га  жетти.
2016-жылдын 10 айында сатуу көлөмү 15,5 млн сомду, а долбоордун иштөөсүнүн бардык мезгилинде 53,0 млн сомду түздү. Долбоордун алкагында ага 1700 адам тартылган.
Ошентип, JIKAнын колдоосу менен Экономика министрлиги тарабынан турмушка ашырылып жаткан бул БАБП долбоору азыркы учурда JIKA дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндө ишке ашырып жаткан ийгиликтүү долбоорлордун бири катары таанылып олтурат. Ошондуктан, Экономика министрлигине JIKAнын президентинин атынан ыраазычылык каты тапшырылды.
Таалайбек Темиров


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.