Курс НБ на 27.06.2019 $69,5988 €79,0503

Бензиндин арзандыгы боюнча Кыргызстан 23-орунда

Экономика
10 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
153
Америкалык Global Petrol Prices аналитикалык басылмасы бензиндин бааларынын көрсөткүчү боюнча өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан арзандыгы боюнча Түркмөнстан алдыга чыкты. Казакстан – 10 (литри 0,48 цент), Өзбекстан – 18 ($0,54), Кыргызстан – 23 орунга ($0,67) жайгашты. Рейтингге 150 өлкөнүн тизмеси киргизилди. Эң арзан бензин Венесуэлада экендиги (1 цент) белгилүү болду. Экинчи орунда Судан – ($0,13), үчүнчүдө - Иран ($0,29), төртүнчүдө Кувейт - ($0,34), бешинчиде Алжир - ($0,35) жана алтынчы орунда Нигерия - ($0,41) турат деп табылды.
Эң кымбат бензин Гонконгдо сатылат - (литри $2,04), андан кийин Монакодо - $1,98, Уоллис жана Футунада — $1,90, Норвегияда - $1,85, Барбадосто — $1,80 турат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.