Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

Баткендин өрүгү АКШга сатылууда

Экономика
30 - Август 2019
www.erkintoo.kg
30

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айтып берди. Анын айтымында, кыргызстандык дыйкандар сатып алуучуларды өздөрү табып, келишимдин негизинде продукциясын экспортко чыгарууда.  "Гилас боюнча 14 чарба кытай ишкерлери менен келишим түзүшүп, анын негизинде продукциясын сатып жатышат. Негизинен Баткен менен Ош облусунан сатылууда. Балды да дыйкандар өздөрү чет жакка алып чыгууда. Балды сатып алып, чет өлкөгө чыгарып саткан компаниялар да бар", - деди ал. Аны менен бирге министрдин орун басары, Иранга эт, АКШга Баткендин өрүгү сатылып жатканын айтып өттү.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу