Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов “Даңк” медалы менен сыйланды

Экономика
30 - Август 2019
www.erkintoo.kg
62

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган Ак-Корум-Кереге-Таш ирригациялык каналын куруу боюнча социалдык маанилүү долбоорду демилге кылгандыгы жана ишке ашыргандыгы үчүн долбоордун автору, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургуну  Мурзапаша Маматов «Даңк» медалы менен сыйланды.

Ушул эле Жарлык менен «Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу