Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

​Азык-түлүккө болгон баа жогоруласа, күйүүчү май арзандаган

Экономика
14 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
55
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин баалар жана тарифтер статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Нурбаева азык-түлүктөргө болгон баалардын жогорулашына өлкөдөгү болгон саясаттын эч кандай тиешеси жоктугун, ал доллардын өсүшүнө жана товарлардын басымдуу бөлүгү башка өлкөлөрдөн алынып келинип жаткандыгы менен байланыштуу экендигин айтты. Учурда баа күнкарама майына -51,9 пайызга, кумшекерге – 31,2 пайызга, макарон азыктарына -15,0 пайызга өскөн. Күнкарама майы Казакстан, Россия жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келгендиктен, өткөн жылдагы карантинде чек аралардын жабылышынан улам баа жогорулаган.
Ал эми социалдык айрым товарларга баа өскөнү менен күйүүчү майга болгон баа төмөндөгөн. Алсак, А-92 - 14,3 пайызга, дизель - 22,1 пайызга арзандаган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу