Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Алтын запастарды көбөйтүү боюнча Россия дүйнөлүк лидерге айланды

Экономика
23 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
249
World Gold Council уюмунун маалыматы боюнча 2017-жылы Россиянын Башкы банкы алтын запастарды көбөйтүүнүн темпи боюнча дүйнөлүк лидерге айланды – өткөн жылы сентябрь айында алтын запастары 34,6 тоннага көбөйүп 1778,9 тоннага жетти, натыйжада алтын запастарынын көлөмү боюнча дүйнөлүк банктар арасында 6-орунга чыкса, январь айында дагы алтын сатып алуу менен жалпы көлөмдү 1857 тоннага жеткирди. Учурда Россиянын алтын-валюталык запастары 454 млрд долларга жакындады.
Кошумчаласак, дүйнөдө эң көп алтын АКШда – 8 миң тонна, Германияныкы – 3 миң, Италия менен Франциянын – 2,5 миң тоннадан алтындары бар.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.