Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Ала-Буканын алтыны Улуттук банктын кампасына алынат

Экономика
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
525
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, өлкөбүздүн башкы банкы 2017-жылы Ала –Бука районунун аймагындагы Иштамберди кенинде казылган 600 килограммдык алтынды сатып алат. Бул тууралуу ал кечээ, 27-декабрда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Бул алтын өлкөбүздүн алтын-валюталык резервин толуктоо үчүн керек. Акыркы 2 жылда Кыргызстандын алтын-валюталык запасы 700 кг алтынга көбөйгөн. Улуттук банк Кумтөрдөн башка алтын кендерин иштеткен компаниялардын баарысынан алтын сатып алат. Алтындар “Кыргызалтындын” аффинаж заводунда аффинаждалып, алардан 100 граммдык уюткулар куюлат.
Кошумчаласак, Иштамберди кени кытайлык Full Gold Mining компаниясы тарабынан иштетилүүдө.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.