Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

АКШда минималдуу эмгек акы саатына 7,5 долларды түзөт

Экономика
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
579
Орусияда 2017-жылдын 1-июлунан тарта эмгек акынын минималдуу өлчөмү 7800 рублга чейин көбөйтүлөт. Мамлекеттик дума тарабынан 7-декабрда кабыл алынган мыйзам долбоорун 14-декабрда Федерация кеңеши колдоду жана Президент Владимир Путин кол койду.
Учурда Орусияда минималдуу айлык акы 7500 рублди түзөт.
Өткөн жылы Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму (OECD) дүйнө өлкөлөрүндөгү доллар менен эсептелген минималдуу айлык маяналар тууралуу отчет жарыялаган. Көз чаптырып көрөлү.

Минималдуу айлык маянанын эң жогоркусу Люксембургда – 2190 долларды түзөт.  Америка Кошмо Штаттарында минималдуу айлык акыны эсептөө системасы абдан татаал. Учурда федералдык деңгээлде саатына – 7,25 доллар алуу минималдуу деп эсептелет. 2017-жылы - 10,5 доллар, 2018-жылы – 11 доллар, ошентип 2022-жылга чейин жылына 1 доллардан кошула берет.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.