Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

АКШ Орусияны Европадан сүрүп чыгаргысы келет

Экономика
30 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
479
Америка Кошмо Штаттары акыркы 60 жылдан бери ноябрь айынын ичинде суюлтулган газ импорттонун көлөмүн көбөйттү деп билдирет The Wall Street Journal гезити.
S&P Global Platts компаниясына шилтеме жасаган басылманын маалыматы боюнча АКШ 2020-жылга карата өз керектөөсүнүн бешинчи бөлүгүн чет өлкөлөргө жөнөтүүгө ниеттенүүдө.
Энергетика министрлиги бул мезгилге чейин АКШ суюлтулган жаратылыш газын экспортоо боюнча Австралия менен Катарды гана алдыга коё берип, дүйнөдө үчүнчү орунга чыгат деп божомолдоодо.
Учурда америкалык көгүлтүр отунду негизинен Мексика сатып алат – жыл башынан бери бул өлкөгө куур өткөргүчтөрү аркылуу 25 млрд кубметр газ жөнөтүлгөн. Америкалык газды сатып алуу боюнча Канада экинчи (14 млрдга жакын куб) жана үчүнчү орунда Чили (750 млн куб) турат. АКШнын планында Европанын рыногун ээлеп, Орусияга атаандаш болуу максаты бар.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.