Курс НБ на 22.09.2020 $79,2643 €93,0682

​Айыл-чарба министри Э. Чодуев: «Тышкы базарга чыгуу үчүн чоң көлөмдүү өндүрүш керек»

Экономика
18 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
248
2019-жылынын 15-июлунда айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев, Кыргызстандын дыйкандарын мыйзамга ылайыкташтырылган бардык документтерди алып келүүгө чакырды. Ал «сүт, эт, жүн жана бал челектерди  иштеп чыгуу» керектигин тегерек  столдо айтты.
Майда айыл-чарбанын өндүрүүчүлөрү көп нерседен жоготууларга учурашып, ощондой эле алар кошумча нарк тизмектерине кошулушпай жатканын билдирди.
«Тышкы базарга чыгуу үчүн чоң көлөмдүү өндүрүштөрдү талап кылат. Негизги максаттардын бири – кошумча нарк тизмегин иштеп чыгуу болуп саналат» - деп министр билдирди.
Андан тышкары, Э. Чодуев 2018-жылы башталып 2023-жылына чейин уланган «Рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо» долбоорун ишке ашыруу тууралуу да айтып кетти.
Бул долбоор дыйкандардын, чийки зат жана кызмат камсыздоочулардын, айыл-чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча ишканалардын мүлкү жана кирешесинин нарк өсүшүнө багытталган долбоор.
Программага катышууга 250дөн ашык субъектилер ири кызматкерлерден баштап, чоң айыл-чарба продукцияларын кайра иштетип чыгуучу кызматкерлерге чейин кызыгышканын билдиришти.
Долбордун алкагындагы колдоо бардык мал-чарба азыктарын өндүрүлүштөргө, сүткө,  сүт азыктарына, эт азыктарына, жүн жана бал чарбачылыгынын азыктарына багытталган кошумча наркка катышуучуларын камсыздашат.
« Чет өлкөлүк өнөктөштөр, жана ошондой эле биздин бийлик органдарыбыз өзүнүн структурасына керектештирилген тамак-аш азыктарын жыл бою сатып алынып, жеткирилип турушуна муктаж. Базардын талаптарына жооп берген майда фермердик жана дыйкан чарбаларга жамааттык чарбага биригишсе, агрокластерлер жаратылып көлөмдүү товарларды масштабтуу өнөр жай алуу үчүн ыңгайлуу болот. Ошондой эле, азыктардын сапаты да, коопсуздугу да камсыздаштарылышына милдетүү",-деп министр сөзүнү аяктады.
Насиридинова Нурсулуу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.