Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

“Айыл чарбасында чечкиндүү реформалар жасалышы керек"

Экономика
09 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
91
- Баисбек Касымбекович, талкууга коюлган стратегиялык программага көз карашыңыз кандай?
- Буга чейин кабыл алынган бир топ программалардын, негизгиси 2013 – 2017-жылдарга кабыл алынган туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун уландысы. Айырмасы ар бир кадам аркылуу өнүктүрүүнүн тандап алынган багытынын проблемаларынын конкреттүү түрдө чечилишинин жолдорунун көрсөтүлүшүндө.
Программанын өзөгү адам баласынын жашоо тиричилигине, анын ден соолугуна, ички дүйнөсүнүн өзгөрүшүнө, билим алуусуна, социалдык жагынан корголушуна, коопсуздукта жана бакыбат жашашына шартталган. Демек, ушул маселелердин баары комплекстүү каралып, бир кылка чечиле баштайт. Албетте, бул стратегиялык программа биринчи таанышкан адамга түшүнүксүз болушу мүмкүн, анткени реформалоонун бул программасы - аны ишке ашыруунун, өнүктүрүүнүн тогуз долбоору тезис формасында жазылган. Азыр талкуу жүрүп жатпайбы. Тиешелүү адистер, эксперттер, окмуштуулар ар бир кадам боюнча ойлорун ортого салып, сунуштарын билдиришсе, Өкмөт ошого жараша чечкиндүү чечим кабыл алса, программанын ишке ашарына толук көзүм жетет.
- Сиз, тажрыйбалуу жетекчи, окумуштуу – экономист катары кайсы тармакка көбүрөөк көңүл бурат элеңиз?
- Бул программа комплекстүү өнүгүү программасы болгондон кийин бардык тармактын бирдей алга жылышы өтө маанилүү жана ага 2013 – 2017-жылга кабыл алынган туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык программасы толук шарт түзүп берген. Албетте, туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын баары ишке ашпаса да, өлкөбүздүн экономикасы дүйнөлүк каржы жана башка кризистерге туруштук берип, энергия алып жүрүүчү чөйрөгө болгон баанын төмөндөшүнө, демек өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн туруктуулугуна алып келди. Маселен, ички дүң продукциянын өсүшү соңку төрт-беш жылда орточо 5-6 пайызды түзүп, жакырчылыктын 4-5 эсеге азайганы байкалат. Бул жакшы жышаан. Ушул арымды басаңдатпай экономиканы алга сүрөй беришибиз абзел.
Аграрчы-экономист катары мени айыл жеринин акыбалы, элинин жашоо тиричилигинин начардыгы кейитет. Жакырчылык айыл жеринде, айрыкча түштүк региондорунда басымдуулук кылат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө кетирилген катачылыктардын натыйжасында өлкөбүздүн айыл чарбасы өтө жаман абалга тушуккан. Ири чарбалардын жерлери, малдары, техникалары жана башка каражаттары үлүшкө оңду-солду таратылып, ал эми элет эли рыноктун шартында алган үлүштөрүн кантип өркүндөтүп кетиштин жолун билбей, колуна тийген мал-келин сатып-союп түгөтүп, алакандай жер тилкелери менен сызга отуруп калышкан. Жер тилкелери которуп айдоого мүмкүн болбогондуктан жылдан-жылга кунарсызданууда, түшүмдүүлүгү төмөндөөдө. Үлүшкө деп он-он беш адамга бөлүнгөн бирден-экиден техникалардын эскилиги жетип, бат эле жараксыз болуп калган. Мал кыштаган короо-сарайларды үлүшкө алгандар кирпичтерине чейин санап, бөлүп кетишкен.
Азыркы күндө өлкөбүздө биздин маалымат боюнча 400 миңден ашуун дыйкан (фермер) чарбалары бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү майда-барат, натуралдык чарбалар. Ал чарбалар менен өлкө өзүн-өзү керектүү азык-түлүк менен камсыз кыла албайт. Андыктан, айыл чарбасында радикалдуу реформа жасалышы эң зарыл нерсе.
- Айыл чарбасында деги кандай жол менен реформа жасаса болот?
- Бүгүнкү күндө дүйнөдө азык-түлүктүн жетишсиздиги күчөөдө. ЮНЕСКОнун маалыматтары боюнча … Дүйнө жүзүнүн калкынын 60 пайызы - жетиштүү түрдө тамактанбайт, 40 пайызы ачка жүрөт, 37 пайызы жыл ичинде ачкачылыктан көз жумат. Ошондой эле жыл сайын эскирген технологияларды пайдалануу менен 50 млн гектарга жакын айдоо жерлери жараксыз болуп калып, жаратылыш зыянга учурайт.
Кыргызстанда да акыбал ушундай эле. Бизде жылына 80-100 га жер жараксыз болуп, иштетилбей калат. Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо департаментинин маалыматтары боюнча … 1984-2004-жж. таштак жерлердин аянты 2,4 млн гектардан 4 млн гектарга чейин кеңейген. Ал эми жер кыртышындагы азот, фосфор, калийдин, гумустун курамы үч жана андан да көп эсе азайып, жер кыртышынын 50 пайызынын көбү жараксыз абалга кептелген.
Ушундай абалдан чыгаруу үчүн айыл чарбасын кескин интенсивдештирүүгө өтүп, эффективдүүлүгүн көтөрүү зарыл. Биринчи кезекте ал чарбаларды ирилештирүүдөн баштоо керек. Бул маселе "Жаңы доорго – кырк кадам" программасынын 21-кадамында көрсөтүлгөн. Ушул жерде айта кетчү нерсе, Айыл чарба, мелиорация жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги чейрек кылымдан бери эле агроөнөр жайды кооперациялайбыз деп келе жатышат, министрликте атайын бөлүм ачышып да көрүштү, бирок тыянак жок. Баары кагаз жүзүндө кала берди. Анткени, алды 99, арты 49 жылга берилип кеткен жеке менчиктеги алакандай үлүш жерлерин кайра чогултуу аябагандай илимий жана практикалык эмгекти талап кылат. Азыр карагылачы, анча-мынча күнөсканаларды эсепке албаганда, айыл чарбасында бир дагы чет элдиктер менен түзүлгөн биргелешкен ишкана жок. Анын себеби, чарбалар майда. Дыйкан (фермер) чарбалары канчалык ири, кубаттуу болсо инвесторлорго ошончолук жагымдуу жагдай түзүлөрү бышык. Анткени инвестиция сала турган ишенимдүү объект түзүлөт.
Дүйнөлүк практикада ар бир чарбанын жер тилкеси 80 гектардан аз болсо, ал чарба эч качан рентабелдүү болбошу аныкталган. А бизде орточо 3-3,5 гектар. Алгач, жерге жеке менчик киргизүүгө тиешеси бар мыйзамдарга ийкемдүү болгон оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Андан соң, Өкмөттүн алдында атайын экономика боюнча илим-изилдөө институтун ачып, ирилештирүүнүн концепциясын иштеп чыгуу керек. Бул институт кыргыз элибиздин менталитетин, үрп-адатын, салт-санаатын, региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кооперациялоонун жол-жоболорун ийне-жибине чейин талдап, баалуу илимий-практикалык сунуштарды даярдамак. Ал сунуштарды ишке ашыруу үчүн жер-жерлерде ошол институт окуу-усулдук тренингдерди, семинарларды өткөрүшмөк, жеке менчик ээлеринин ирилешүүгө багыт алуусун, агробизнести өздөштүрүү жолдорун шарттамак, ал шарттардын юридикалык жактан такталышын аныктамак жана кооперациянын уюшулушун көзөмөлдөмөк.
- Кооперация уюшулду дейли, аны каржылоо, өндүргөн азык-түлүгүн сатып алуу, сатуу ким аркылуу жүргүзүлөт?
- Туура суроо бердиңиз, ушул өңүттө да чоң көйгөйлүү маселе жатат. Каржылоо маселесин алгачкы эки-үч жыл Өкмөт өз мойнуна алышы керек. Андан кийин ар бир кооперация өзүн-өзү каржылоого өтүшү зарыл. Ал үчүн майда чарбаларды кооперациялоо менен катар эле, алардын өндүргөн азык-түлүгүн сатып алуу, даярдоо, айыл чарба сырьесун кайра иштетүү жолун жолго салуу аркылуу өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүгүн пайдалуу болгон баада сатып берчү кооператорлорду уюштуруу зарылчылыгы туулат.
Чындыгын айтканда мындай кооператорлор, союз доорунда болгон жана алардын ушул багытта аткарган иштери опол тоодой экенин тарых тастыктоодо.
- Кайсы уюм жөнүндө айтып жатасыз?
- Ал уюм, Кыргыз керек –жарак союзу Бул уюмдун Кыргызстандын аймагында 1994-жылдын 1-январына карата 3612 чекене соода жүргүзүүчү точкасы, 1326 коомдук тамактандыруу жайы, 160 даярдоочу конторасы, 60тан ашык өнөр жай, 236 соода-камсыздоо ишканалары, 10дон ашык бала бакча, ясли, клуб жана башка маданият мекемелери, 35 автобазасы болгон. Ушундай миңдеген объектилер, ушул уюмдун өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон 1 миллиондон ашык мүчөлөрдүн (пайщиктердин) таман акы, маңдай тери менен куралган. Ошол пайщиктер Кыргызстандын 48% элин, айрыкча элеттиктерди бардык буюм-теримдер, тамак-аш, ж.б. азык-түлүктөр менен камсыздап турган. Азыр анын бири жок. Бүгүнкү күнү ошол мекеме – уюмдар кыргыз элине, жерине аба менен суудай жетишпей турат.
Колду көкүрөккө коюп, терең ойлончу болсок, мамлекеттин ичинде мамлекет болуп калган Кыргыз керек-жарак союзунун мүлкү мурдагы абалына келсе, «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын агроөнөр жай комплексин өркүндөтүү бөлүгү тез эле ишке ашмак. Миңдеген жумушчу орундар түзүлүп, миграция тып эле токтомок. Муну мен пайщиктердин 2017-жылы 25-майда өткөргөн курултайына катышканда ынандым.
- Сизге дагы бир соболум бар эле. Айталы аймактарды жана министрликтерди оптималдаштырууга кандай пикириңиз бар?
- Аймактарды, министрликтерди оптималдаштыруу маселесин он жылдан бери эле айтып – деп, илимий-практикалык конференцияларда баяндама жасап жүрөм. Өлкөбүз 7 облус, 40тан ашык райондорго бөлүнүшү өтө эле көп. Мисалы, электрондук Өкмөт системасы иштей баштаса, облустарга муктаждык жоюлат эле. Совет доорундагы Кыргызстандын окумуштуулары аныктап кеткен жети-сегиз аймактык-өндүрүштүк зоналардын чегинде ири аймактарды түзсөк болор эле. Мисалы, Бишкек шаарыбызга төрт административдик райондун зарылчылыгы жок, анын ордуна Абдрахманов көчөсүн чыгыш, батышка бөлүп, эки эле районго бөлүшсө, бардык жагынан туура болмок.
 
Орункул Сатыкулов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.