Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

​Аймактарда жаңы социалдык-маданий мекемелер пайдаланууга берилген

Экономика
14 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
53
Өткөн жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген КРнын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов социалдык-маданий объектилердин курулушуна да токтолду. 2020-жылы жалпы аянты 903 миң чарчы метр турган 8 миңден ашык үйлөр жана батирлер пайдаланууга берилген. Бул өткөн жылга караганда 34,5 пайызга аз. Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында 1216 орундуу 17 мектепке чейинки билим берүү мекемелери курулуп, ишке киргизилген. Ошондой эле 3808 орундуу 12 мектеп бүткөрүлгөн. Республиканын Талас облусу жана Бишкек шаарынан башка бардык аймактарында бир мөөнөттө 403 адамды кабыл алуучу 26 амбулатордук-бейтапкана жана Баткен, Жалал-Абад облустарында 39 орундуу ооруканалар пайдаланууга берилген.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу