Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

2017-жылдын бюджети бекитилди

Экономика
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
462
Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Ага ылайык, 2015-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери (атайын каражаттарды кошкондо) 113, 9 млрд сомду, чыгымдар 120,4 млрд сомду, бюджеттин тартыштыгы 6,5 млрд сомду түздү.
Мамлекет башчысы “2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга прогноз жөнүндө” Мыйзамга да кол койду. Ага ылайык, 2017-жылга республикалык бюджеттин кирешеси - 126,8 млрд сом, чыгымдары - 150,1 млрд сом, бюджеттин дефицити - 23,3 млрд сом болот. Бул мыйзам 2017-жылы 1-январдан тартып күчүнө кирет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.