Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​17 миң 10 медициналык кызматкерге 287,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди

Экономика
15 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
32
2020-жылдын август айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 17 миң 10 медициналык кызматкерге 287,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 6 миң 438 медициналык кызматкерге 37,7 млн сом төлөнүп берилди.
 
• апрель айы үчүн 10 миң 94 медкызматкерге 111,1 млн сом;
 
• май айы үчүн 9 миң 154 медкызматкерге 110,8 млн сом;
 
• июнь айы үчүн 9 миң 252 медкызматкерге 119,0 млн сом;
 
• июль айы үчүн 21 миң 910 медкызматкерге 444,2 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу