Египетте “Мусулман агайындар” уюмунун 24 мүчөсү өлүм жазасына өкүм кылынды

Даманхур кылмыш соту «Мусулман агайындар» кыймылынын 24 мүчөсүн полиция кызматкерлерин өлтүргөндүгү үчүн өлүм жазасына өкүм кылды.
Маалыматка ылайык, аталган кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү 2015-жылы Рашид шаарында болгон полициянын автобусун жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Ал окуяда 39 адам жабыркап, 3өө каза болгон.
1928-жылы негизделген “Мусулман агайындар” уюму Египеттеги негизги оппозициялык кыймыл катары каралат. Бирок ага бир катар өлкөлөрдө терроризмге байланышы бар деп тыюу салынган.

error: Content is protected !!