Дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев билдирди. Анын айтымында Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыкты. Ал мыйзам дыйкан, фермерлердин укугун коргойт жана жардам берет. Мындай мыйзам учурда дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп келгенин айткан Жигиталы Жумалиев “2009-жылдын 26-январында «Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө» мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт», — деп баса белгиледи. Мыйзамда агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө тургандыгы да каралганы айтылды.

error: Content is protected !!