Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

Жумушсуз калган жарандарга 900 сомдон жөлөк пул төлөө боюнча токтом долбоору сунушталды

Дүйнө
27 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
79

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун кесепетинен жумушсуз калган жарандарга 900 сомдон жөлөк пул төлөө боюнча токтом долбоорун сунуштагандыгы белгилүү болду. Аталган документ өкмөттүн сайтына жарыяланды. Демилгенин максаты — COVID-19 жайылгандыгына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминдеги чектөөлөрдөн улам ишинен айрылган кыргызстандыктарга убактылуу колдоо көрсөтүү.  Азыр кырдаалга байланыштуу жумушсуз калды деген жарандардын саны  38 500 адамга жеткен. Аларга жарым жыл бою ай сайын 900 сомдон чегерүү сунушталууда, буга 225 миллион сом керектелет,-дейт министрлик. 



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу