Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Жүрөк канчалык тез соксо, өмүр кыска болот

Дүйнө
16 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
18
Даниялык изилдөөчүлөрдүн тобу 16 жыл бою 5200 адамдын ден соолугуна байкоо жүргүзүп, изилдөөнүн жыйынтыгын 2013-жылы BMJ Heart журналына жарыялашкан. Анда 2800 адамдын физиологиялык көрсөткүчтөрү тууралуу толук маалымат берилген. Алардын үчтөн бири изилдөө аяктаганга чейин эле жарык дүйнө менен кош айтышкан. Эгерде адамдын жүрөгү мүнөтүнө 71-80 жолу соксо, күтүүсүз токтоп калуу тобокелдиги 51%га жогору болот. Жүрөк канчалык тез соксо, өмүр ошончолук кыскарат. Мисалы, жүрөгү мүнөтүнө – 275 жолу соккон тоок болгону 15 жыл, Мүнөтүнө 450 ирет соккон кичинекей арс чычкан 3 жылга чейин гана жашай алат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу