Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Жолдорду курууда бактериялар пайдаланылат

Дүйнө
18 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
54
Микробдорду бетон аралашмага кошсо, бетон аралашма кышкысын музду эритүү үчүн колдонулган туздун кыйраткыч күчүнө туруктуу болот экен. АКШнын Дрексель университетинин Кристофер Сэйлс жана Каролайн Шауер өткөргөн изилдөө көрсөткөндөй, чоң эмес сандагы бактерияны бетон менен аралаштырып койсо, кальцийдин оксихлориди пайда болбойт,-деп айтып чыгышты. Кальцийдин хлориди бетондун структурасына кирип, ал жердеги кальцийдин гидроксиди менен жуурулушуп, оксихлорид пайда болот. Жеңил упурачу бул туз бетонду ичинен тээп, сапаты мыкты делген канжолдо да чуңкур-тешиктерди пайда кылат. Мындай проблемага каршы күрөшүү үчүн америкалык илимпоздор дүйнөдө кеңири тараган Sporosarcina pasteurii бактериясын цементтин аралашмасына кошууну сунуш кылышты,-деп жазды «Азаттык».


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.