Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Жети жаштагы кыз Трампка кат жазды

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
323
Сириялык жети жаштагы секелек кыз Бана Алабед АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трампка ачык кат жазып, анда  "Сиз сириялык балдар үчүн бирдеме кылышыңыз керек. Анткени алар деле сиздин балдарыңыз сыяктуу да, алар дагы тынчтыкта жашаганга татыктуу»,- деп айтты.
 Бананын апасы Фатиманын айтымында, кыз катты жаңы америкалык Президенттин инагурациясынан бир нече күн мурун жазган.
Азыр Түркияда жашайт. Ал  өз үй-бүлөсү менен Алеппо чыгышынан декабрь айында  тургундарды эвакуациялоо учурунда чыгып кеткен, - делет BBC Кыргыз кызматы жазган маалыматта.
 
Бананын Президент Дональд Трампка каты
Кымбаттуу Дональд Трамп!
Менин атым Бана Алабед. Мен Алеппо шаарынан болом. Жашым жетиде. Мен өткөн жылдын декабрь айында курчоодо турган Алепподон кеткенге чейин Сирияда жашап келгем. Мен Сириядагы согуштан жабыр тарткан балдардын биримин. Азыр Түркияда тынч жашоодо, жаңы үйүмдө жашап жатам. Алепподо мектепке барчумун, мектепти бомбалап салышты. Менин айрым досторум көз жумду. Мен кайгырып жүрөм, эгер алар мени менен болсо, бирге ойномокпуз. Мен Алепподо ойной алган жокмун, анткени ал өлүмдүн шаары болчу. Азыр болсо Түркияда көчөгө чыга алам жана шаттанып, кубана алам. Мектепке барсам да болот, бирок ал ачыла элек. Дал ушунусу менен тынчтык баарыбыз үчүн маанилүү, анын ичинде Сиз үчүн да. Бирок миллиондогон сириялык балдар азыр мынтип мен сыяктуу жашабайт, Сириянын ар кайсыл бөлүгүндө жапа чегип жатышат. Сиздин Америка Президенти болушуңузду билем. Суранам, Сириянын балдарын жана элин куткарып калыңыз. Сиз сириялык балдар үчүн муну кылышыңыз керек. Анткени алар деле сиздин балдарыңыз сыяктуу да, алар дагы тынчтыкта жашаганга татыктуу. Эгер сиз Сириядагы балдар үчүн бирдеме кылам деп убада берсеңиз, мен сиздин жаңы досуңуз болом. Сириядагы балдарга сөзсүз көңүл бурат деп үмүттөнөм.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.