Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Жердин жок болуусуна негизги тогуз опурталдуу себеп аталды

Дүйнө
05 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
52
Бул себептерди  ааламдагы кырсыктардын алдын алууну көздөгөн "The Global Challenges Foundation" уюму жарыялады. "Newsweek" журналы окумуштуулардын божомолун узаган аптада жарыялап, макала окурмандардын кызуу талкуусуна алынууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарыяланды.  Тогуз себептин биринчиси - өзөктүк курал колдонулган согуш. Экинчи коркунуч - биологиялык жана химиялык куралдар.  Үчүнчүсү - климаттын кескин өзгөрүүсү. Төртүнчүсү - экологиялык чөйрөнүн талкалануусу. Бешинчиси - жугуштуу оорулар. Алтынчы ыктымал себеп - Жер астероид менен кагылышуусу. Жетинчи себеп - жанар тоолордун атылуусу. Ошондой эле журналдын кабарчысы Кашмира Гандер абанын булгануусу, жасалма интеллект да кыяматка себепчи болот деп белгилеген. (ЖК)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу