Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Жаңы жыл алдында жарылуу 29 адамдын жанын кыйды

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
309
Мексиканын Мехико штатына караштуу Тультепек шаары жана муниципалитети пиротехника жасалгаларын чыгаруу боюнча өлкөгө белгилүү. Мэр Серхио Луна Кортес башкарган бул шаарда 110 145 адам жашайт.
Кечээ, Тультепектин базарында пиротехникалар жарылып, анын айынан 29 адамдын өмүрү кыйылды. Базарда жайгашкан 300 дүкөндүн 290у жок болду. Жарылуу болгон учурда базарда 2000дей адам католиктердин рождество майрамына карата камылга көрүп, соода кылып жүрүшкөн. Штаттын губернатору Авиланын айтымында 72 адам жаракат алды деп билдирет РИА Новости.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.