Курс НБ на 23.05.2019 $69,8492 €77,8085

Жаңы Зеландияда мечитте кол салуу болду

Дүйнө
15 - Март 2019
www.erkintoo.kg
81
Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке куралдуу кол салуу болуп, кеминде 49 киши каза болду. Ондогон адам түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Мындай маалыматты өлкөнүн премьер-министр Жасинда Ардерн кабарлаганын чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. The New Zealand Herald гезитинин маалыматына караганда, кол салууга шектелген төрт адам, анын ичинде бир аял кармалды. Алар жанаша жайгашкан мечиттерге кирип барып, андагы адамдарды аткылашкан. Азырынча так маалыматтар белгисиз.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу