Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

“Жашыл” деп аталган шаарлардын тизмеси жарыяланды

Дүйнө
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
481
Дүйнөнүн эң «жашыл» шаарларынын рейтингин  Arcadis компаниясынын сайты жарыялады. Маалыматтарга караганда, дүйнөдөгү эң «жашыл» шаар деп Швейцариянын Цюрих шаары табылган. Ал эми экинчи орунда Сингапур, үчүнчүдө Швециянын Стокгольм шаары турат. Мындан сырткары, Вена (Австрия), Лондон (Улуу Британия), Франкфурт (Германия), Сеул (Корея Республикасы), Гамбург (Германия), Прага (Чехия) жана Мюнхен (Германия) шаарлары да «жашыл шаарлардын алдыңкы ондугуна кирген. Ал эми акыркы орундарга Найроби (Кения), Каир (Египет) жана Калькутта (Индия)  шаарларын көрүүгө болот. Аталган тизме алардын экологиялык, экономикалык абалын эске алып,  32 шарт коюлуп жыйынтыгын  чыгарган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.