Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Жакынкы 25 жыл аралыгында дүйнөдө биринчи триллионер пайда болот

Дүйнө
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
465
Мындай маалымат эл аралык Oxfam кайрымдуулук уюмунун кечээ, 16-январда жарыяланган отчетунда айтылат. Уюмдун изилдөөлөрү боюнча учурда Жер калкынын 1%ы калган 99%га салыштырмалуу эпсиз байлыкка ээлик кылат.
Дүйнөдөгү 8 миллиардердин байлыгы 3,6 миллиард адамдын эптеп жыйган байлыгына барабар болууда деп айтылат отчетто. Жакынкы жыйырма жылда дүйнө жүзү боюнча 500 бай урук-тукумуна 2,1 триллион доллар байлык калтырат. Бул болжол менен Индиянын ИДПсынан да кыйлага көптүк кылат. Акыркы 30 жылда АКШ калкынын айлык маяналары жогорулаган эмес, ошол эле учурда өлкөдогү 1%ды түзгөн байлардын байлыгы 300%га өскөн деп маалымдалат отчетто. Ал эми Форбс журналынын маалыматына таянсак, Дональд Трамптын жеңишинен кийин орусиялык миллиардерлердин байлыгы кыска аралыкта 29 миллиардга өскөн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.