Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

Жак Ширак ооркунага жаткырылды

Дүйнө
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
611
Француз ЖМКаларынын маалыматына караганда, Франциянын мурдагы президенттеринин бири, 83 жаштагы Жак Ширак өпкөсүнөн кагынып ооруканага жаткырылды.
Le Parisien газетасы Жак Ширак жекшембиге караган түнү Мароккодон Париждеги Питье-Сальпетриер ооруканасына жеткирилгендигин маалымдады. Ал жакта мурдагы өлкө башчысы үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн.
Ширак 1972-жылы айыл чарба министри, 1974-1976-жылдары Франциянын премьер-министри, 1977-1995-жылдары Париждин мэри болгон. Ашкере агрессивдүүлүгү үчүн “Бульдозер” атка конгон.
1995-жылы социалист Лионель Жоспен менен президенттик шайлоодо атаандаш болуп, аз гана айрымачылык менен жеңишке жетишкен. Анын тушунда Францияда президенттин башкаруу мөөнөтү 7 жылдан 5 жылга кыскартылган. Ошондуктан, ал өлкөнү 7 жыл башкарган акыркы жана 5 жылдык мөөнөткө шайланган алгачкы президент болуп саналат. Жалпысынан ал эки мөөнөттө президенттик кызматты 12 жыл ээлеген. 2007-жылы кызматтан кеткенден кийин ал өмүрүнүн акырына чейин Конституциялык кеңештин мүчөсү укугуна ээ болгон. Ошого карабастан, ал президент кезинде кызматтык укуктарын ашкере пайдалангандыгы жана ашыкча чыгашаларга жол бергендиги үчүн 2 жылга шарттуу соттолгон.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.