Курс НБ на 25.09.2020 $79,3499 €92,4942

Өзбекстандын калкы бир жылда жарым миллионго көбөйгөн

Дүйнө
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
394
Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 32 миллион 121 миң адамды түздү. Өзбек окумуштуулары мындай көрсөткүч 2020-жылы болорун боолголоп жатышкан. Былтыр калктын саны жарым миллионго көбөйгөн. Калктын 50,6 % шаарларда, калганы айылдарда жашайт.
2016-жылы 275 миң түгөй никеге турган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 12 миңге аз. 29 миңден ашуун үй-бүлө ажырашып кеткен. Никеге тургандардын саны республиканын бардык аймактарында төмөндөгөн-делет маалыматта.
 
Ж. Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.