Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Өзбекстандын билим берүү мекемелеринде газдуу суусундуктар менен тез татым тамактарды сатууга тыюу салынат

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
443
UzbekistanToday басылмасынын маалыматына таянсак, Өзбекстандагы бардык мектептер үчүн Өзбекстан ашпозчулар ассоциациясы тарабынан сунушталган комплекстүү түшкү тамактарды даярдоочу комбинат түзүлөт.
Өкмөттүн токтомуна ылайык 2017-2020-жылдарда ашканасы жок 400дөн ашык мектептер тамактануучу жайлар менен камсыздалалат.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн адистер Германия, Орусия жана Франция сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып келишкен. Биринчи комбинаттар 2017-жылы иштей баштайт жана аларда чыгарылган тамак-аштар атайын термоконтейнерлер менен мекиептерге ташып жеткирилет. Салат, биринчи жана экинчиси, десерттен турган комплекстүү түштөнүүнүн баасы болжол менен 0,3 доллар болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.