Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Өзбекстанда төрт эркин экономикалык аймак ачылат

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
398
Бул тизмеге Самарканддагы «Ургут», Ферганадагы «Коканд», Бухарадагы «Гиждуванга» жана Хорезмдеги «Хазарасп» аймагы кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 12-январда кол койду,-делет жергиликтүү маалымат булактары.
Эркин экономикалык аймктардын негизги максаты – чет өлкөлүк жана жергиликтүү түз инвестицияларды тартуу, тышкы базарлар талап кылган импорттук продукцияларды чыгаруу, Самарканд, Бухара, Фергана жана Хорезм облустарынын өндүрүштүк жана ресурстук дараметтерин эффективдүү жана комплекстүү пайдаланууга шарт түзүү болуп эсептелет.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.