Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Өзбекстанда коррупцияга каршы жумалык өтөт

Дүйнө
05 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
134
Өзбекстандык коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңеши министрликтер жана эл аралык уюмдар менен бирген коррупцияга каршы жумалык өткөргөнү жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыкты. Аталган мамлекеттин Коррупцияга каршы агенттигинин маалымат кызматы кабарлагандай, бул өнөктүк 9-декабрдагы эл аралык коррупцияга каршы күнүнө карата уюштурулат. 
“Бул аралыкта коррупцияга каршы бир катар иш-чаралар өтөт. Ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен паракорчулукту жоюу боюнча ар кандай тегерек столдор уюштурулат”, - деп айтылат аталган маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.