Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

​Өзбекстанда калктын 60 пайызы коронавируска каршы эмделет

Дүйнө
18 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
85
Өзбекстанда кийинки жылдын  июнь айына карата калктын 60%ынан ашыгын коронавируска каршы эмдөө пландалууда. Бул туурасында өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык агенттигинин директорунун орун басары Ботиржон Курбанов кабарлады. Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө эмдөөнү уюштуруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө. “Азыр биз дүйнөдө ким алгачкылардан болуп вакцинасын каттайт, ким сата баштайт деп күтүп жатабыз“, - деп билдирет Курбанов. 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.