Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Өзбекстанда электр энергиясына да баалар жогорулайт

Дүйнө
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
622
Өзбекстанда жалпы кубаттуулугу 12,4 миң МВтны түзгон 45 электрстанциясы иштейт. Ошого карабастан, “Өзбекэнерго” компаниясы 1-октябрдан тарта электр энергиясынын тарифтери 5%га жогорулай тургандыгын жарыялады.
Жаңы тариф боюнча 1 кВт/саат электр энергиясынын баасы 191 сум болот (1 доллар – 3000 сум). Ал эми жылытуу жана ысык суу, ошондой эле желдетүүгө пайдланылган электр энергиясынын 1кВт/сааты 201,5 сумга чыгат.
Өзбекстанда электр энергиясына баалар өткөн жылдын апрель айында эле 8,6%га жогорулатылган. Өлкөнүн электр энергиясын өндүрүү потенциалы 56-57 млрд кВт/саатка барабар.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.