Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

Өзбекстанда аймактагы дагы бир ири ГЭС курулат

Дүйнө
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
50
Өзбекстан Борбор Азиядагы ири гидрообъектилердин бири болуучу Пскем ГЭСин долбоорлоого киришти деп маалымдады CA-NEWS (UZ).
Ташкент облусунун Бостанлык районундагы Пскем дарыясына курулуучу ГЭС кубаттуулугу боюнча Чарвак ГЭСинен кийинки экинчи орунда болот. Пскем элекстр сатанциясынын кубаттуулугу 400 МВтты түзүп, жылына орточо 900 миллион киловатт/саат электр кубатын өндүрүп чыгууга жөндөмдүү болот. Долбоорлук наркы 800 миллион доллар. Кошумчаласак, Өзбекстанда учурда 430 дарыя бар. Жылына өндүрүлгөн 60 миллиард киловатт/саат электр кубатынын 6,5 миллиарды ГЭСтерден алынат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу