Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Өзбекстан эшигин ачууну чечти

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
396
Өзбекстан улуттук “Өзбектуризм” компаниясын жоюп, анын ордуна Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет түзөт. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.
Мындан тышкары, 2017-жылдын 1-апрелинен тарта 27 өлкөнүн жарандары турист катары Өзбекстанга визасыз кире алышат.
Австралия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Дания, Испания, Италия, Канада, Люксембург, Нидерланды, Корея, Сингапур, Финляндия, Швейцария жана Япония, ошондой эле Бельгия, Индонезия, Кытай, Малайзия, АКШ, Франция, Вьетнам, Израиль, Польша, Венгрия, Португалия жана Чехия сыяктуу 12 өлкөнүн курагы 55тен ашкан туристтери Өзбекстандын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.