Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

YouTube Түндүк Кореянын каналдарын жабат

Дүйнө
13 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
77
YouTubeдагы Түндүк Кореянын жашоосун чагылдырган "Echo of Truth"  каналы, Googleдун тейлөө шарттарын бузгандыгы үчүн, өткөн жылдын декабрь айында жабылган. Бирок, кайрадан "Echo of Truth Returns"  аттуу жаңы канал ачылган, бирок ал дагы өткөн аптанын бейшембисинде өчүрүлдү. Ошондой эле,  Россияда жашаган түндүк кореялык жарандын "Red star TV" каналы дагы эки жолу блокко түшүрүлгөн. Бул каналда Түндүк Кореянын борбордук телеканалынан берилүүчү телеберүүлөр трансляция болуп турчу. YouTube көп жылдан бери Түнтүк Кореянын каналдарын жаап келет. YouTubeдун ою боюнча, жеке аккаунттардын атын жамынып, пропагандалык видеороликтерди көрсөтөт деп эсептейт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу